Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

ТАЖИК ОППОЗИЦИЯСЫНЫН ҮМҮТҮ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Жекшемби күнү Тажикстандын кош палаталуу парламентинин төмөнкү палатасына шойлоо болот. Шайлоо алдындагы бир жылдын ичинде бийлик бир нече көз карандысыз басылмаларды жаап, оппозиция жетекчилеринин экөөнө каршы кылмыш ишин козгоду. Беш жылга созулуп, миңдеген адамдардын өмүрүн алып кеткен "кандуу согуштун себепчиси болгон" деген атка конгон оппозиция бул жолку шайлоо өнөктүгүнө этияттык менен менен мамиле кылып жатканы байкалууда.

Тажик парламентинин 63 орундуу төмөнкү палатасына 6 партиянын талапкерлери ат салышууда. 41депутат палатага партиялык тизмелер боюнча шайланат. Калган 22 орун шайлоочулардын беш процентинен азыраак бөлүгүнүн колдоосуна ээ болгон партияларга берилмекчи.

Президент Имомали Рахмоновдун Улуттук Демократиялык Партиясы көпчүлүк шайлоочулардын колдоосун алаары божомолдонууда.

Бийликтеги Улуттук демократиялык партиянын эң күчтүү атаандашы -Тажикстандын Исламдык Кайра Жаралуу партиясы. 1992-97- жылдардын аралыгындагы "кандуу согуштун себепчиси" делинген бул партия азыркы парламенттин төмөнкү палатасында болгону 2 орунга ээ.

Өкмөттүк аскерлер менен Исламдык оппозициянын беш жыл жүргөн согушунда 100 миң киши курман болуп, 6 миллион киши калкы бар өлкө экономикалык кыйроого учураган, элдин калың катмары жакырдыктын сазына баткан.

Эл аралык күчтөрдүн ортомчулугу менен тараптар 1997-жылы тынчтык келишимге кол койуп, Рахмонов акыры Исламдык Кайра Жаралуу Партиясынын катышуусу менен коалициялык өкмөт түзгөнгө макул болгон.

"Эл бузарлар" деп айыпталган исламдык опозиция шайлоого кыйла этият мамиле кылууда. Секулярдык партиялар болсо баары биригип, парламентке жок дегенде бир нече кандидатын өткөрүүгө аракеттенип жатышат.

Байкоочулар да, оппозициянын өзү да тажик оппозициясынын шайлоодо жеңишке жетишүүгө мүмкүнчүлүгү кыйла чектелүү экенин айтышат. Оппозициядан көрсөтүлгөн талапкерлер кысмакталып, алардын шайлоо кампаниясын жүргүзүп жаткан активисттер куугунтукка алынууда. Оппозициянын талапкерлерине маалымат каражаттарынан пайдаланууга жетиштүү мүмкүндүк берилбей атат.

Бийлик, ал тургай, опозицияны колдогон райондорго гуманитардык жардам берүүнү токтотуп, чет элдик донорлордун жардамы менен ишке ашырылып жаткан социалдык жана экономикалык долборлорду токтотуп койууга кесенүүдө.

Тажикстанын Социал-Демократиялык партиясынын жетекчиси Рахматулло Зоиров бийлик өлкөнүн бир топ райондорунда шайлоонун жыйынтыгын бурмалоону пландаштырып жатканын белгилеп, эгерде шайлоодо одоно мыйзам бузуулар боло турган болсо, оппозиция радикалдаша турганын эскерткен.

Оппозициянын көз карашында, шайлоо бүткүл бийликти эчак эле өз колуна топтоп алган Рахмоновго каршы чечкиндүү аракеттенүүгө түрткү болуп бериши ыктымал. 2003-жылы өткөрүлгөн референдум менен президент Имомали Рахмонов өлкөнүн Конституциясына оңдоо киргизип, бийлигин 2020-жылга чейин узартып алган.

Москвада чыккан "Чароги Руз" деген эркин гезит өлкөдөгү жагдайга мүнөздөмө берген редакциялык макаласында минтип жазат:

Тынчтык Тажикстанда эч качан орногон эмес. Рахмоновдун оппозицияга каршы согушу мурдагысыздай эле уланууда.

Президент Рахмонов шайлоону ачык жана адилет өтүүсүн камсыз кылууга убада берип келатат. Шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн өлкөгө Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму 130 байкоочусун жиберди.

Шайлоого 3 миллиондон ашык шайлоочу катышмакчы. Борбордук шайлоо комиссиянын башкы штабынын жетекчиси Мухибулло Додожонов Азаттык радиосуна буларды билдирди:

- Биз шайлоо бюлеттендердин белгилүү бир бөлүгүн өзбек тилинде басып чыгардык. Ошону менен катар эле Душанбе менен Чкалов шаарларынын орус тилдүү шайлоочулары үчүн бюлеттендер орус тилинде да басып чыгарылды. Бул шайлоо бюлеттенинин текстин түшүнүктүү кылуу үчүн, Тажикстанда жашаган башка элдерди урматтап, жасалды.

Шайлоо участкалары 27-февралда эртең мененки саат 6дан кечки саат 8ге чейин ачык болот. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы дүйшөмбү күнү белгилүү болмокчу.

XS
SM
MD
LG