Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

ТИМ ЕККУ билдирүүсүн “шашмалык” катары баалады


БИШКЕК. ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн «Азаттык» радиосу жана Бишкектеги көз карандысыз эл аралык басма үйү тууралуу жасаган билдирүүсү өтө эле шашмалык. Мындай мазмундагы билдирүүнү 27-февралда массалык маалымат каражаттарына Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги таратты. Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө эл аралык басма үйүнө электр жарыгынын берилбей калышы жана «Азаттык» радиосунун жергиликтүү радиотолкундардан уктурулбай калышында кандайдыр бир саясий себеп жок экендигин белгилеп, мындай көрүнүштү техникалык себептер менен түшүндүргөн. ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Маркус Мюллер 25-февралда билдирүү таратып, шайлоо алдында «Азаттык» радиосунун жергиликтүү толкундардан уктурулбай калышына жана Бишкектеги көз карандысыз басмаканага электр жарыгынын берилбей калышына тынчсыздануу билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG