Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Бейөкмөт уюм Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. 27-февралда «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюму Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоду. Кайрылууда Кыргыз телерадио корпорациясынан 26-февралда Курманбек Бакиев баштаган оппозиция өкүлдөрүн бир жактуу каралаган берүүнүнүн мыйзамдуулугун териштирүүнү өтүнгөн. «Кыргызстандын Шайлоо кодексинин 31-беренесине ылайык добуш берүүгө 24 саат калгандан тарта өлкөдө кандайдыр бир талапкерди жамандаган же мактаган берүүлөргө тыюу салынган. Ошондуктан Кыргыз телерадиокорпорациясынын мындай аракети мыйзамсыз» деп жазылган коалиция билдирүүсүндө. Ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сулайман Иманбаев жогорудагыдай кайрылуу туура экендигин мойнуна алып, бул маселе боюнча жакын арада тиешелүү чара көрүлөт деп убада кылды.

XS
SM
MD
LG