Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Тышкы иштер министрлиги АКШ элчисин токтоолукка чакырды


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кечээ АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин дарегине нота жолдоду. Нота жолдонушуна «Лимон» гезитинин 25-февралдагы санына жарыяланган АКШ элчиси Стивен Янгдын интервьюсу негиз берген. Кыргыз-америка мамилесине байланышкан бул маекте АКШ элчиси шайлоо учурунда демократияга байланышкан проблемалар массалык мүнөзгө ээ болсо, эл аралык уюмдар кабатыр болоорун, эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгына терс таасирин тийгизээрин айткан. Тышкы иштер министрлиги өз нотасында мындай пикирди Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү катары баалаган. ТИМ АКШнын Кыргызстандагы элчисин сабырдуулукка жана дипломатиялык маданиятты сактоого чакырган.

XS
SM
MD
LG