Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

Иоан Павел дале ооруканада жатат


Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Папа Иоан Павел акыркы 26 жылда биринчи жолу жекшемби күнкү кутпасын жасабады.
84 жаштагы Папага өткөн апатада дем алуусун жеңилдетүү үчүн операция жасалган. Иоан Павелдин саламаттыгы “калыбына келүүсү үчүн кыска мөөнөт жетишсиз” экенин Рим университетинин профессору Жанкарло Сианфроне билдирди.
Папа бүгүн оорукананын терезесинен жүз көрсөтүп, сыртта чогулуп турган диндештерине кол булгап ишара кылды.

Амирбек Азам уулу, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG