Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Саддам Хусейндин бир тууганы колго түштү


Мурдакы президент Саддам тушунда Ички коопсуздук кызматын жетектеген Сабави Ибрагим Хасан АКШ аскерлеринин издөө тизмесинде 36 орунда турат. Бу тизмеде кармоого зарыл деген Саддмага жакын 55 адам бар.

“Көптөгөн террордук чабуулдарды пландоого, ишке ашырууга ургаалдууу катышкан Хасандын кармалышы Ирак өкмөтүнүн бардык кылмышкерлерди кармоого аракет кылаарын тастыктайт”, -деп белгиленет Ирактын утурумдук өкмөтүнүн билдирүүсүндө.
Ибраигимдин бир туугандары Ватбан менен Барзан азыр абакта. Америкалыктардын “кызыл тизмесиндеги” алты киши али кармала элек.

Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарынын сырт жагында болгон жардыруу сегиз бери дегенде сегиз кишинин өмүрүнө забын келтиргенин америкалык аскерий жетекчилик маалымдады.

Бүгүн эле Мосул шаарнынын чет жакасында АКШ негиздеген “Найнве” телестанциясында иштеген ирактык журналист аялдын жасаты табылды.

XS
SM
MD
LG