Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Ысыккөлдө Тоңдон башка жерде добуш беришти


КАРАКОЛ. Облустук шайлоо комиссиясынан алынган маалымат боюнча шайлоо өнөктүгүнө 194 миң 847 адам катышууга тийиш. Ал эми алты округда кырк эки талапкер депутаттык мандат үчүн атсалышты. №75 Тоң чөлкөмүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык шайлоо 13-мартка жылдырылды. Шайлоо өнөктүгүнө эки миңге жакын кыска жана узак мөөнөттөгү байкоочулар, ошондой эле ЕККУнун эки өкүлү байкоо жүргүзүштү. Айрым көз карандысыз байкоочулардын пикирлеринде Каракол шаарындагы №147 шайлоо участкасында мыйзам бузуулар катталды. Маселен, студенттердин арасында жасалма паспорт менен жүргөндөр аныкталды. Ушул эле шайлоо участкасынан кечки саат бешке чейин студенттерден башка шайлоочуларга добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Кээ бир байкоочулардын айткандарына караганда айрым талапкерлер студенттерге жең ичинен акча таратышты, бирок мындай маалыматты облустук шайлоо комиссиясы четке какты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG