Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы алгачкы маалыматын таратты


БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын көз карандысыз байкоочуларынын алгачкы маалыматтарына караганда, Кыргызстан аймагында добуш берүү түшкө чейин тынч өттү жана шайлоочулар участокторго көп келишти. Бармакка белги коюуну шайлоочулар кубаттап кабыл алышты. Бирок байкоочулар шайлоо аяктап калган кезде бюллетендерди тобу менен салуу, бармакка белги коюуну токтотуу, ар кандай чагымчыл аракеттер өңдүү мыйзам бузуулар катталышы ыктымал деп тынчсызданышууда. Коалициянын тутумунда учурда 1700 байкоочу 60 шайлоо чөлкөмдөрүндө байкоо жүргүзүштү. Коалициянын атынан мындан тышкары 170 узак мөөнөттүү байкоочу иштеди.

XS
SM
MD
LG