Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Танаев: “Кочкор менен Тоңдогу нааразылыктар чыгымга кирептер кылды”


БИШКЕК. Кочкор жана Тоң шайлоо округдарында болуп өткөн нааразылык чаралары алып келген чыгымдардын эсеби чыгарылууда. Бул тууралуу премьер министр Николай Танаев добуш берүү учурунда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, жолду мыйзамсыз тосуудан ириде Кумтөр жана Максал алтын иштетүүчү ишканалар жабыркашты. Буга байланыштуу «Кумтөр» ишканасы өкмөткө кайрылды.

Угармандардын эсине сала кетчү жагдай: Арслан Малиевди, Акылбек Жапаровду жана Бейшенбек Болотбековду райондук соттор 21-февралда талапкердик укуктан ажыраткан. Буга нааразы болгон шайлоочулар төрт күн катары менен нааразылык чараларын уюштурушуп, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Макмал автожолун тосушкан. 25-февралда алар акцияларын токтотуп, шайлоодо бардык талапкерлерге каршы добуш берүү чечимине келишкен. Ал эми БШК 26-февралда өз чечими менен Тоң шайлоо округундагы шайлоону 13-мартка которду.

XS
SM
MD
LG