Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Бермет Акаеванын пикиринде парламенттик башкаруу демилгесин оппозиция көтөрүп жатат


БИШКЕК. Кыргызстанды парламенттик башкарууга өткөрүү келерки Жогорку Кеңештин курамына жараша чечилчү маселе. Мындай пикирин президенттин кызы Бермет Акаева добуш берүү участогунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, мындай демилгени оппозиция өкүлдөрү көтөрүп жатат. Ушул эле жолугушууда Акаева президенттин жакын туугандары шайлоого баруу менен демократиялык укугунан пайдаланып жаткандыгын билдирди. Ал эми Конституцияны өзгөртүү жолу аркылуу Аскар Акаев бийлик мөөнөтүн узартат экен деген божомолго байланыштуу пикирин минтип билдирди:

- Буга билбейм эми… караш керек, кандай парламентибиз болот, канча кол чогултат. Президент өзү айтып кетти, ал өзү референдум демилгесин көтөрбөйт.

Буга чейин «Элим менен, элим үчүн!» коомдук фонду президенттин мөөнөтүн узартуу боюнча 155 миң кол топтогондугун жарыялаган. Ал эми «Эркиндик» партиясы жана «Кыргызстан элдик патриоттук кыймыл» баштаган оппозициялык күчтөр Акаевдин кызматтан кетишин каалагандардын колун топтоп жатканын айтып келатышат.

XS
SM
MD
LG