Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Ливанда демонстрацияларга тыйуу салынды


Ливандын Ички иштер министрлиги өлкөдө оппозициялык да, өкмөттүк да партиялардын атаандаштык жыйналыштарына бир күн калганда, өлкөдө демонстрацияларды өткөрүүгө тыйуу салды. Башкача айтканда, бул тартип кечээден тарта күчүнө кирди.
Ливандын Ички иштер министри Сулейман Франгиехтин айтымында, өлкөдө “атуулдук тынчтыкты сактоо” үчүн ал баардык демонстрацияларга жол бербөө чечимин чыгарган.
Бүгүн Ливандын парламентинде өкмөткө ишеним билдирүү маселеси каралат.
Мындан эки апта мурда өлкөнүн мурдагы премьер-министри Рафик Харирини өлтүрүшкөндөн кийин мамлекетте көпчүлүк “мунун артында Сирия турат” деп, антисириялык нааразылык акциялар өтө баштаган эле. Ошол эле учурда парламентте Сирияга ык алган айрым партиялар буга каршы демонстрацияларды өткөрө башташты. Алар азыр Хариринин өлүмүн терең иликтөө керектигин талап кылып, ошону менен бирге Сириянын буга тийиштигине күмшн санап жатышкандыгын билдиршүүдө.
Анткен менен бул эрежелерге карабай, Бейруттун борбордук көчөлөрүндө ушул мүнөттөрдө миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG