Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Тажикстанда парламенттик шайлоо өттү


Кыргызстандай эле, кечээ Тажикстан да парламентин тандады. Бул жолкусу - өлкө 1990-жылдардагы атуулдук согушту баштан кечиргенден берки экинчи жолку шайлоо болду.
Тажикстандын борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, өлкөдөгү жалпы добуш берүүчүлөрдүн 87%зы шайлоо чөлкөмдөрүнө келип, атуулдук милдетин аткарышкан.
Өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасы – Мажилиси Намойодгон – же мыйзам чыгаруу жыйынындагы 63 орун үчүн 230 талапкер ат салышты.
Аналитиктердин көпчүлүгү бул шайлоодо өлкөдөгү өкмөттүк партия – Тажикстандын Элдик демократиялык партиясы – жеңишке жетишиши мүмкүн дешет. Бул партияны мамлекеттин президенти Эмомали Рахмонов жетектейт.

Кечээ ал добуш берип бүткөндөн соң, журналисттер менен баарлашуу учурунда, келээрки президенттик шайлоого да катыша тургандыгы тууралуу учкай айтып өткөндөй болду.

- Мен картайа элекмин, жашмын. Күч-кубатым да бекем, андыктан саясаттан жакын арада кетейин деген оюм жок. Мен Тажикстандын элдик партиясын түздүм жана келечекте анын лидери катарында иштей берем, - деди тажик президенти Эмомали Рахмонов.

Президент айтып өткөн Тажикстандын элдик партиясы буга чейинки парламентте да көпчүлүк орунду ээлеп келди. Тажик парламентинде оппозициялык күчтөр деле жок айтууга болбойт. Өлкөдөгү Ислам кайра жаралуу партиясы өзүн оппозициялык саясий күч катарында көрсөтүп келет. Ал буга чейинки парламентте эки орунду гана ээлечү.
Калган оппозициялык партияларда эч кандай деле жеке ресурстары жок, андыктан алар анчейин чоң күчкө ээ эмес.

XS
SM
MD
LG