Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Баткенде бир депутат шайланды


БАТКЕН. Облустук шайлоо комиссиясынын 28-февралдагы маалыматына караганда, жекшемби күнү өткөн парламенттик шайлоого облустагы 214 миң 436 шайлоочунун 142 миң 775и же 66,58 пайызы катышты. Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн облустагы алты шайлоо округунан 33 талапкер ат салышып, Сүлүктү шайлоо чөлкөмүнөн Аскарбек Шадиев менен Орунбай Ахмедов, Лейлектен Мурат Тынаев жана Каныбек Жороев, Баткенден Досбол Нур уулу менен Арзыбек Бурханов, Айдаркен шайлоо чөлкөмүнөн Исхак Масалиев жана Нуралы Такиров, Кызылкыядан Айтыбай Тагаев менен Акматжан Абдрахманов шайлоонун экинчи айлампасына чыгышты. Кадамжай округунан атаандашы шайлоого катышкан Баяман Эркинбаев шайлоочулардын 95,45 пайыз добуш менен марага жетип, депутаттыкка шайланды.

XS
SM
MD
LG