Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:32

Ысыккөлдө бир депутат шайланды


КАРАКОЛ. Ысыккөл облусунун Тоң шайлоо округунда шайлоо болгон жок. Облустук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, калган 6 шайлоо округунда шайлоонун жүрүшүнө таасир этчү мыйзам бузуулар катталган жок. №74 Жетиөгүз шайлоо округунан «Жаңы күч» саясий партиясынан талапкер Кубанычбек Исабеков шайлоочулардын 54% добушуна ээ болуп, жеңишке жетти.
Шайлоого облус боюнча шайлочулардын 62,37% катышты. Айрым көз карандысыз байкоочулардын маалыматына Караганда, шайлоочулардын добушун сатып алуу максатында арак, акча тараткан фактылар кездешти. Каракол шаарындагы №147 шайлоо участогунан көпчүлүк шайлоочулар добуш берүүгө катышкан жок. Бул боюнча ЕККУнун байкоочулары облустук шайлоо комиссиясына акт жазышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG