Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Ноокен районунда нааразылык чарасы өттү


ЖАЛАЛАБАТ. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча митингге 3 миң, ал эми райондук бийлик билдиргенге караганда 500 адам катышты. Алар Ноокендеги шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну, райондун акимин, орунбасарын, облустук жана райондук салык кызматтарынын башчыларын, аймактык шайлоо комиссия башчысынын кызматтан кетишин, ошондой эле экинчи айлампага чыккан талапкер Жеңишбек Эшенкуловдун мындан ары шайлоого катышпоосун талап кылышты. Өз талаптары 1-мартка чейин аткарылбаса, нааразылык акцияларын адегенде райондук, кийин облустук бийликтин алдында улантаарын жарыя кылышты. Ош-Бишкек жолу бир саатка жабылып, кайра ачылды.

XS
SM
MD
LG