Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасын талкуулап жатат


Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин төрагасы Мухамед Эл Барадеи Иранды инспекторлорду керектүү маалымат менен камсыздап, активдүүрөк болууга үндөдү. Барадеинин айтымында, агенттик Тегеран уранды байытуу процесcин токтоткон- токтотпогонун текшере алды.
АКШ Иранды жең ичинен өзөктүк курал жасоонун үстүнөн иштеп жатат деп айыптап келатат. Тегеран болсо мында айыптоону четке кагып, ядролук долбоор тынчтык максаттарды көздөйт деп ырастоодо.
Кечээ болсо Орусия менен Иран өзөктүк отун жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Орусия Бушер атомдук станциясын отун менен камсыздап турмакчы. Тегеран өзөктүк калдыктарды кайра Орусияга жиберип турууга убада берди.

Айнура Жекше кызы, Прага

XS
SM
MD
LG