Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:49

ТАЖИКСТАНДАГЫ ШАЙЛОО СЫНГА АЛЫНУУДА


Жекшемби күнү Тажикстанда болгон парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы маалым болду. БШКнын билдирүүсүнө караганда, парламенттин ылдыйкы палатасына депутаттарды шайлоого 3 миллион ашуун шайлоочунун 88 проценти катышкан. Элдин добуш берүүгө жапырт чыкканын оппозициячыл партиялар да ырасташты. Бирок, төрт партия Дүйшөмбү шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну бийликтерден талап кылышты. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму добуш берүү демократиянын эл аралык нормаларына ылайык өтпөгөнүн билдирди.

Дүйшөмбү күнү Тажикстандын байтактында өткөн пресс-конференцияда Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун миссия башчысы Питер Айхер жекшемби күнү республикада болгон парламенттик шайлоого карата алгачкы баасын берди:

- 27-февралда Тажикстанда болгон шайлоо ЕККУнун маанилүү жоболорун жана демократиянын эл аралык стнадартын бузуулар менен өттү.

Ошол эле учурда Айхер маанилүү саясый өнөктүк мурдакы жылдарга салыштырганда бир кыйла жакшы болгонун белгилей кетти:


- Шайлоо жараянындагы айрым жылыштарга, анын ичинде мурдакы шайлоолорго караганда биртке оң көрүнүштөргө карабастан, добуш берүү күнү ашыкча көп тартип бузууларга күбө болдук.

ЕККУнун Тажикстандагы өкүлү бардык округдук шайлоокомдордун курамына оппозиция өкүлдөрү киргизилбегенин, ал эми башкаруучу Элдик-демократиялык партиянын мүчөлөрүнө аймактык шайлоо комиссияларында жетекчи орундар берилгенин чоң өксүк катары көрсөттү.

Оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасы Сайид Абдулла Нури болсо 2000-жылкы шайлоого караганда саясый өнөктүк бир кыйла жакшы өткөнүн ырастады:


- Биздин партиябыз айрым аймактарда көп кыйынчылыктарга туш болду. Өзгөчө, Файзабад вилаетинде мыйзам ачыктан ачык бузулду. Байкоочулар менен партиянын өкүлдөрү шайлоо участкаларына киргизилген жок. Баш калаа Дүйшөмбүдөн сырт аймактарда да ушундай кырдаалга күбө болдук. Эл тааныган эле адамдар мыйзамды сыйлабастан жана президенттин шайлоонун эркин-калыс өтсүн деген сөзүнө каршы иш жүргүзүштү. Алар мыйзамды өз кызыкчылы үчүн бузушту.

Ушундай негизде оппозициялык маанайдагы партиялар-Демократтык, Коммунисттик, Ислам кайра жаралуу жана Социал-демократтык партиялар Дүйшөмбү шаарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну бийликтен талап кылышты.

АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги тажик бийликтери Улуттар Уюму жана ЕККУнун кеп-кеңешин эске алып, Шайлоо мыйзамын жакшыртканын белгиледи бүгүн жасаган билдирүүдө. Бирок, бийликтердин “көз карандысыз маалымат каражаттарынын мыйзамга жамынып куугунтуктоосун демократиянын эл аралык стандартын одоно бузууга” салыштырды.

КМШнын аткомунун катчысы Владимир Рушайло шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн байкоочулары атынан сүйлөп, шайлоо өнөктүгү адилет жана эркин өттү деген пикирин айтты:

- Эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын катышуусу, шайлоонун ачык өтүүсү бийликтердин Тажик Республикасындагы шайлоону эркин жана калыс өткөрүүгө болгон ыкыласын күбөлөйт.

Борборшайлоокомдун маалымдашынча, президент Рахмонов башындагы Элдик-демократтык партия 80 процент, оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясы жана Компартия 20 процент добуш алып, парламенттик мандатка ээ болушту.

5 проценттик чекти жеңген бул үч партия 22 орунду бөлүшөт. Калган 41 орун бир мандаттык округдарга жеңишке жеткен талапкерлерге тиет.
XS
SM
MD
LG