Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

«ОСКАР» КАЙРАДАН КЛИНТ ИСТВУДДА


Дүйшөмбү күнү кечинде Голливудда Америка киноакадемиясынын “Оскар” байгесин ыйгаруу аземи болду. Кино дүйнөсүндөгү өтө кадыр-барктуу сыйлык көпчүлүк билермандар жоромолдоп жаткандай “Авиатор” көркөм тасмасына тийбей калды. Болбосо, Мартин Скорзеце тарткан фильм 11 байгеге көрсөтүлгөн эле.

Жылдын мыкты фильми деп, көздөгөнүнө жетүү үчүн жанын сабап иштеген боксер кыз менен анын устаты туурасындагы психологиялык драма – “1 миллион долларлык балакай” деген көркөм тасма аталды. Клинт Иствуд баш байгени алып жатып, фильм кандай тартылганы жөнүндө мындай деди:

- Бул таң каларлык окуя болду. Биз фильмди 37 күн тарттык, тетиктери жакшы майланган машинедей иштедик. Машинага кино тартуучу топ жана актерлор кирди, арийне, сиздер алар менен кездешесиздер.

Клинт Иствуддун режиссерлук эмгеги муну менен экинчи жолу “Оскарга” татыды.

“1 миллион долларлык балакайда” баш каарманды ойногон Хилари Суэнк жылдын мыкты актрисасы деп таанылып, Суэнк айым экинчи мертебе алтындын буусу жалатылган “Оскардын” бейнесин жеңип алды.

Жолдуу актриса салтанатта “Мен жашоодо сыймыктанарлык эмне жасаганымды билбейм” дегени менен, Америка киноакадемиясынын байгеси-акчалуу жаңы ролдорго, миллиондогон долларлык контрактарга жана атак-даңкка жол ачат.

Байгеге илинбесе да, “Оскарга” көрсөтүлүү- фильмден түшчү кирешени да шыр көбөйтөт.

Мартин Скорцезенин режиссерлук эмгеги бул ирет да бааланбаса да, алаңгазар миллионердин өмүрү чагылдырылган “Авиатор” тасмасы беш “Оскарды”
жеңди. Скорцезе буга чейин төрт ирет мыкты режиссердун байгесине көрсөтүлүп, бирок илинбей калган.

Эркек актерлердон “Авиатордо” башкы кейипкерди ойногон Леонардо Ди Каприо сыйлыктан куру кол калды. Баш сыйлык атактуу блюзмен Рей Чарльздын ролун “Рей” фильминде аткарган Жэми Фокско берилди. Фокс мойнуна алгандай, эми ага мыкты актерлер менен чогуу фильмдерде тартылууга даңгыр жол ачылды.

Чет өлкөлүк же анлгисче тартылбаган фильмдердин ичинен “Оскар” сыйлыгы Испаниянын “Ичтен деңиздей толкуу” деген тасмасына берилди.
XS
SM
MD
LG