Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

ТҮРКИЯ ИРАКТАГЫ КҮРТТӨР МЕНЕН СҮЙЛӨШӨ БАШТАДЫ


Аким Өзгөн, Стамбул Түркиянын өкмөтү Иракта федералдык система орношуна каршы эмес экенин билдирди. Анкара өкмөтү бул жаңыча саясаттын чегинде Ирактагы күрт саясатчылары менен да баарлаша баштады.

Түркия Иракка байланыштуу саясатын кайра карап чыгып, бир катар маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагын ойлоп жатат.

30- январдагы Ирактагы шайлоодо күрттөрдүн чоң жеңиш менен чыгуусу, ошондой эле, Күрдистан Патриоттор Союзунун төрагасы Жалал Талабанинин келечекте Ирактын президенти болуп калуу ыктымалдыгы Анкараны күтүлбөгөн жеринен кармап, Түркия көңүлсүз да болсо, кошуна мамлекеттеги бул жаңы саясий чындык менен эсептешпей коюуга болбой турганын сезе башташты.

Анкара бул жаңыча саясаттын чегинде мурда каршы болуп келген Иракта федералдык бир мамлекет түзүлүү пикирине макул боло турганын билдирди. Түркиянын Ирак боюнча толук ыйгарымдуу башэлчиси, армиянын штабы, улуттук чалгындоо башкармасы жана тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Ирактын убактылуу Административдик Мыйзамынын эң эле маанилүү бөлүгү болгон, ошондой эле, бүгүнгө чейин ырасмий түрдө таанылбаган федерализм беренесин кабыл алышты.

Кечөөкүнү Анкарада жарыяланган билдирүүдө “Ирактын калкынын көпчүлүгү федералдык бир системаны каалай турган болсо, Анкара ага каршылык билдирбей турганы” баяндалды.

Түркиянын Ирак боюнча толук ыйгарымдуу элчиси Осмон Корутүрк, тышкы иштер министирлигинин басма сөз өкүлү Намык Тан жана армиянын штабынан өкүлдөрү да катышкан бир делегация, мурдагүнү күтүлбөгөн түрдө Ирактын түндүктөгү Сулаймания шаарына барып, Ирактын президенттик постуна эң күчтүү талапкер Жалал Талабани менен көрүштү.

Дипломаттык булактардын маалымдашынча, Түрк делегациянын бул саякаты Жалал Талабанинин өткөн жумада Түркиянын Примьер- министири Режеп Тайып Ердоганга жолдогон катына жооп иретинде ишке ашкан.

Талабани катында “шайлоолордон кийин жаңы Ирак Түркия менен достук мамиледе болгусу келгенин” билдирген. Примьер- министир Ердоган болсо, Талабанинин президенттик орунга олтуруу ыктымалын эсепке алуу менен, ошого жараша жооп жазып, “Түркия Ирактын бөлүнбөгөн демократиялуу бир өлкө катары сакталып калуусун кааларын” айткан.

Талабани менен сүйлөшкөн түрк делегация анын алдына конкреттүү сунуштарды койгон. Түрк тарап, алгачкы жолу, федерализм деген түшүнүккө жылуу карап, ошол эле учурда, федерализм Ирактын келечекте ыдырап чачырап кетүүсүнө алып барбашы керек экенин билдирген.

Түрк тарап Талабанини Киркук боюнча шашылыш кадам таштабоого үндөп, президенттик орунга талапкер болуусу менен байланыштуу аны куттуктаган.

Болбосо, мындан бир айдай илгери еле, Анкара Талабани жана жалпысынан Түндүк Ирактагы күрттөрдү, Киркук шаарындагы шайлоолорду манипулацийалап жатканын айыптап, күрттөргө жөлөк болуп келген АКШ бийлигин катуу сындаган:

- Бул өлкөгө демократийаны алып келем деген күчтөр, мындайча анти-демократийалуу жосундарды көрмөксөнгө салып жатышат. Иракта келип чыкчу бейпилсиздик бизди да тынчсыздандырат. Биздин тынчыбызды алууга еч кимдин акысы жок,- деп Вашингтонду кыйгач сындаган болчу Түркиянын премьер- министри Ердоган.

Түркиялык делегация шайлоолордо парламенттеги 275 орундун 140ын утуп алган шиилердин коалициясы менен да көрүшө тургандыгы билдирди. Саясий байкоочулардын айтымында, эми Анкара Ирактагы бардык топтор, анын ичинде шиилер, суннилер жана күрттөр менен тең бирдей аралыктагы калыс мамиледе болгусу келет.

XS
SM
MD
LG