БИШКЕК. Өлкөдөгү бир катар өкмөттүк эмес уюмдар, саясий партиялар «Азаттык» радиосун жана «МСН» гезитин коргоо максатында 3-мартта «Достук» мейманканасында форум өткөрөт. Бул тууралуу форумду өткөрүүнүн демилгечилеринин бири «Кылым шамы» уюмунун лидери Азиза Абдрасулова 1-мартта билдирди. Анын айтымында, иш чарада Кыргызстанда 1994-жылдан бери басма сөзгө кысым жасалып келатканы жана ал «Азаттык» радиосунун берүүлөрүн чектөө, «МСН», «Республика» гезиттерин куугунтуктоо менен уланып жатканы белгиленип, сөз эркиндигин камсыз кылуу талаптары коюлмакчы.