Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Тоңдогу талапкерлер бирин бири айыпташууда


БИШКЕК.1-мартта №75 Тоң шайлоо округу боюнча талапкер болгон Аскарбек Алиевдин ишенимдүү өкүлдөрү Самат Алиев жана Азиз Алиев АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынын өткөрүшүп, сот Арслан Малиевди талапкерликтен туура четтеткен деп жарыя кылышты. Алардын айтымында, Арслан Малиев үгүт маалында «эгер бийликтин өкүлдөрү жана аларды жактаган адамдар парламентке келе турган болсо, алар элди аткыла деген буйрук болсо аны аткарууга макулдук берет» деп айтып, Шайлоо Кодексинин 36-беренесинин 2-пунктун бузган. Ал эми Арслан Малиевдин жактоочулары сот туура эмес чечимге келди деп, төрт күн бою Бишкек-Каракол жолун буугандыктан, БШК шайлоону 13-мартта өткөрүү чечимине келген.

XS
SM
MD
LG