Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

ТИМ ЕККУнун баасы менен макул эмес


БИШКЕК. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктары жана демократия боюнча бюросунун байкоочуларынын шайлоо боюнча жыйынтыктарына макул эмес. Мындай билдирүүнү Тышкы иштер министри Аскар Айтматов 1-мартта жасады. Анын айтымында, адам укуктары жана демократия боюнча бюронун шайлоого байкоо салган миссиясынын бүтүмү тең салмактуу, калыс эмес жана кырдаалды так чагылдырган жок. «Бюронун байкоочулары демократиялык кайра түзүүлөрдүн алкагында болуп жаткан окуялардын өзгөчөлүгүн так түшүнгөн эмес»,-деди Аскар Айтматов. Анын пикириндк, айрым жерлерде орун алган мыйзам бузуулар жалпы шайлоонун жүрүшүнө терс таасир берген жок. Тышкы иштер министри ошондой эле шайлоого байкоо салуу уюмдарынын Европалык тармагынын байкоочуларынын адам эркиндиктерин чектөө болуп, маалымат каражаттары кысымга алынды деген бүтүмүнө макул эмес. Айтматовдун айтымында, кыргыз бийлиги бардык талапкерлерге бирдей шарт түздү.

XS
SM
MD
LG