Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Карасуулук шайлоочулар жолду ача элек


ОШ. №41 Карасуу шайлоо округу боюнча талапкер Арап Төлөновдун жактоочулары эки күндөн бери Карасуу-Ош жолун тосуп турушат. Транспорт кыймылынын токтогондугуна байланыштуу Борбор Азиядагы ири соода бирикмелеринин бири Карасуу базары убактылуу жабылды. Бул жерде шайлоонун жыйынтыктары боюнча сот жараяны 1-мартта алгач саат онго, андан соң түшкү экиге белгиленип,белгисиз себептер менен кечиктирилди. Нааразылык чарасынын катышуучулары маселе оң жагына чечилбесе, анда Ош шаарына, андан ары Бишкекке жөө жүрүш жасаша тургандыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG