Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:58

Уурдалган француз журналист жардам сурап жатат


Ирактын баш калаасы Багдатта жети жума мурда уурдалган франциялык журналист тартылган тасма бүгүн көрсөтүлдү. Флоренс Аубенас айым анда жардам сурады.

- Менин атым Флоренс Аубенас. Мен французмун. Мен “Либерасион” гезитинин кабарчысымын. Суранам, мага жардам бериңиздер. Менин ден-соолугум аябай начар, өзүм да психологиялык оор абалдамын. Сурунам. Мен жардамга муктажмын. Мага жардам бериңиздер, - деди Иракта уурдалган франциялык журналист айым Флоренс Аубенас.

Бул журналист 5-январда уурдалган болушу мүмкүн. Аны Багдатта машинесинен сууруп, чыгып кетишкен. Буга чейин франциялык дагы эки журналист да уурдалган болчу, бирок алар өткөн жылдын этегинде, барымтачылардын колунда төрт ай болгондон кийин бошотулган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG