Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

АКШ “ДУШМАНДАРЫНА” КАРШЫ КҮРӨШТӨ АДАМ УКУКТАРЫ ТЕПСЕЛЕНИШИ МҮМКҮН


Төрөкул Дооров, Прага АКШнын Түштүк Каролина штатынын федералдык соту өлкөнүн президенти Жорж Бушка кайрылуу жасады. Соттун кайрылуусунда айтылгандарга ылайык, Буштун администрациясы “Ал-Каида” террор уюму менен байланышы бар” деп шектелип жаткан Жозе Падилланын иши дале карала элек. Ал түрмөдө олтурганына эки жарым жылдан ашып кетти. “Буштун администрациясы тезинен аны же камашы керек же актап, боштондукка чыгарышы абзел” деп айтылат кайрылууда. АКШ президентинин администрациясы буга жооп катарында, чечим кабыл алаарын билдирди.

Падилланын ишиндеги учурдагы кырдаал “камалган кишини соттун чечими менен кайра сотко жиберүү” деген юридикалык түшүнүк менен байланыштуу. Мындай учурда айыпталган тарап өзүнүн айыпсыз экендигин сотто далилдей алса, бийлик ага таккан айыптарын өзгөртүп, аны түрмөдөн бошотот.

Вирджиния университетинин профессору Девид О’Браяндын ишениминде, жогоруда аталган түшүнүк же “камалган кишини соттун чечими менен кайра сотко жиберүү” - юридиканын негизин түзгөн эрежелердин бири.

О’Браян биздин радиого берген маегинде бул эреже айыпталуучуга өзүнүн укугун мыйзам чегинде коргоодо негизги укукту берет деди. Бул көрүнүштү ал мындан 200 жылдай мурда Англиядагы Падыша Жорж III америкалык колониядагыларга көрсөткөн кордуктары менен салыштырып, юридикадагы түшүнүк дал ошондой ахыбалды жок кылуу үчүн ойлоп табылганын айтты:

- Мыйзамдын эрежелери аткаруу бийлигинин күчүн чектейт. Буштун администрациясы буга чейин атуулдарды да, атуул эместерди да эгер “душман” деп тапса, белгисиз мөөнөткө эч кандай териштирүү жок эле кармоого өзүн укуктуу деп келген. Бул өңдүү аракет 18-кылымда Англиянын падышасы Жорж III тарабынан колдонулгандан бери, кайталана элек болчу. Анткен менен эми консервативдүү сот аткаруу бийлигинин күчү да чектелүү экендигин дагы бир ирет тастыктады, - деди профессор Девид О’Браян.

Падилла аны түрмөгө камап койгондор алдында эми өз укугун сотто коргоого укуктуу. Ага бул мүмкүнчүлүктүн пайда болушуна былтыркы жылы аткаруу бийлиги сот процесси учурунда жеңилгени да түрткү болду. Анткени былтыры да соттун чечимисиз эле “террорго каршы күрөштүн алкагында” Ясир Хамди камакка алынып, кийин сот жараянында жеңип чыккан.

Ясир Хамди – АКШнын да, Сауд Аравиясынын да атуулу болчу. Ал мындан үч жыл мурда Ооганстанда кармалып, соттун өкүмүсүз эле АКШда түрмөгө отургузулган. Өткөн жылы мамлекеттин Жогорку соту өкмөттөн аны же камоону, же эркиндикке чыгарууну талап кылды. Кийин ал акталып, түрмөдөн чыгарылды. Анда Хамди америкалык атуулдугунан баш тартып, Сауд Аравиясына кетип калган.

Бирок азыр Падилланын мисалы Хамдиникинен бир топ эле айырмаланат. Буштун администрациясы дүйшөмбүдө Түштүк Каролинадагы соттун чечимин өзгөртүү үчүн Вашингтондо өлкөнүн Жогорку сотуна кайрыла тургандыгын билдирди.

Падилланын айланасындагы окуяга азыр көз салып тургандардын алкагы улам кеңейүүдө. Анткени көптөр аны жөнөкөй адам катары өз укугун коргогон инсан деп билишет. Андыктан, бул АКШдагы мыйзамдын күчү канчалык деңгээлде кырдаалга объективдүү жооп бере алат болду экен деген суроону жаратат.

Жеми Феллнер – “Human Rights Watch” адам укугун коргоо уюмунун Нью-Йоркто жайгашкан адвокаттар тобунун төрайымы. Анын айтымында, соттун дүйшөмбүдөгү чечими Буш администрациясынын “террорго каршы күрөштүн алкагында дүйнөнүн кайсыл бурчунда болсо да шектелген адамды согуштун эрежесинин чегинде жазалоо мүмкүн” деген түшүнүгүн кескин жокко чыгарат.

- Президент биз глобалдык террорго каршы күрөшкө тартылдык деп эле, “Мен президентмин, андыктан кимди душмандын өкүлү деп көрсөтсөм, ал каерде кармалгандыгы жана эмне кылгандыгына карабай, соттун чечимисиз эле камала берет. Террорго каршы согуш уланып турганда, бул эреже сакталат” деп айтканга аракет кылды. Бирок сот ага “жок!” деп жооп берди, - дейт “Human Rights Watch” уюмунун өкүлү Жеми Феллнер айым.

Азырынча Падилланын иши качан Жогорку Сотто каралаары белгисиз. Адатта иш Жогорку сотко чейин Федералдык Аппеляциялык соттун кароосунан өтүшү керек, бирок Юстиция департаменти бул этаптан баш тартышы мүмкүн. Анда Жогорку Сот Падилланын ишин октябрда карап калышы ыктымал.

Азырынча АКШ өкмөтү Ооганстандан жана Жакынкы Чыгыштан, ошондой эле, Гуантанамо, Кубадагы аскерий базаларынан кармап келген 550 адамды “душман” катарында кармап турат.
XS
SM
MD
LG