Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:10

ВАШИНГТОН СИРИЯДАН ЛИВАНДАГЫ АСКЕРЛЕРИН АЛЫП КЕТИШИН ТАЛАП КЫЛУУДА


Сирия Ливанда 20 жылдан бери турган аскер күчтөрүн жакынкы айларда алып кетээрин жарыялаган эле. Дамаск өкмөтүн убадасын аткарууга мажбурлоо үчүн, Кошмо Штаттары жана анын өнөктөрү Сириядан Ливандагы аскерлерин дароо чыгарып кетүүнү талап кылууда.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс британ сыналгысында сүйлөгөн сөзүндө Сирия Жакынкы Чыгыш элдеринин байманалуу жана демократиялуу келечегине каскак болуп жатат деп ырастады.

Буга далил катары Райс Сириянын Коопсуздук күчтөрүнүн Ливанда турушун белгилеп, ошондой эле Сирия Ирактагы козголоңчуларга жана Израилге каршы күчтөргө жардам берет деп ырастады.

Райс жана Франциянын тышкы иштер министри Мишел Барниер бүгүн Сирияны Ливандагы аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырган биргелешкен билдирүү жарыялашты. Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр да Сирияны эл аралык талаптарды аткарууга берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууга үндөдү.

Кечээ Сириянын президенти Башар ал-Ассад сирия аскерлери Ливандан алдыдагы бир нече айда чыгарылышы мүмкүн экендигин жарыялаган.

"Таймс" журналында жарык көргөн маегинде Ассад аскерлер мүмкүн болушунча тез арада чыгарылышы керек деп белгиледи. Ливанда Сириянын 14 миң аскери турат, алар мындан 20 жылча мурда ички согуштун убагында киргизилген.

Өткөн айда өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Рафик ал-Харири өлтүрүлүп кеткенден кийин Ливанда Сирияга каршы маанай күч алды. Миңдеген демонстранттар Бейрутта көчөгө чыгып, коңшу өлкөнүн күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылышты.

Натыйжада февралдын акыркы күнүндө Ливандын Сирияны карманган өкмөтү отставкага кетти. Ливан парламенти өткөн жылы Омар Караманын өкмөтүнө кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин да бийликте калууга уруксат берген мыйзамды кабыл алып, эл аралык сын-пикирге тушуккан эле.

Демонстранттар Хариринин өлүмү үчүн Сирияны жана Ливан өкмөтүн күнөөлөштү. Сирия бул ишке кийлигишкен эмеспиз деп ырастоодо. Жашыл-ак-кызыл түстөгү байрактарын булгалаган оппозициянын колдоочулары таркабастан, сес көрсөтүп турушат.

Сирияны колдогон президент Эмил Лахуд парламентке 48 сааттын ичинде өкмөт башчысын тандоого тапшырма берди. Ливанда премьер-министрдин кызматын адатта суни мусулман жамаатынын өкүлү ээлейт.

Оппозиция лидери Валид Жумблатт аскер чыгарууга баш-көз боло турган нейтралдуу өкмөт башчысын дайындоону сунуш этти. Ливанда парламенттик шайлоо май айына белгиленген.
XS
SM
MD
LG