Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

3-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Метеорологиялык борбордун маалыматы боюнча марттын үчүндө Кыргызстанда күн ачык болот. Түштүк-чыгыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ал эми Чүй өрөөнүнүн чыгыш тарабында шамалдын ылдамдыгы 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

ТАЛАС облусунда түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска жылуу, Карабуура аймагында болсо -2...-7 градуска суук, күндүз +14...+19 градус жылуу.
Сарыөзөн ЧҮЙдө түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу, күндүз +17...+22 градус.
Республиканын ЖАЛАЛАБАД, ОШ, БАТКЕН чөлкөмдөрүндө түнкүсүн 0...+5 градуска, күндүз +15...+20 градуска жылыйт.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн -3...-8 градус суук, күндүз +5...+10 градус жылуу.
НАРЫН аймагында түнкүсүн -13...-18, күндүз 0...-5 градус суук.
БИШКЕК шаарында түнкүсүн +1...+3, күндүз +19...+21 градус жылуу болот.

Кабарларды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана дубандардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG