Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Уран калдыктары көмүлгөн жайлар оңдолууда


БИШКЕК. Майлусуу шаарында уран калдыктары көмүлгөн жайларды реабилитациялоо иштери Дүйнөлүк банктын «Чукул кырдаалдарды алдын алуу» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат. Ал эми АКШ өкмөтүнүн долбоору боюнча Ысыккөл облусундагы Кажысай жана Чүйдөгү Актүз айылдарында уран калдыктары бар жайларды реабилитациялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу 2-мартта өлкөнүн Чукул кырдаалдар жана экология министринин орун басары Болотбек Айдаралиев маалымдады. Анын билдиргенине караганда, Алай, Карасуу, Каракулжа жана Өзгөн райондорунда ирригациялык курулуштар жана айланып өтмө жолдор салынууда. Жалпысынан Кыргызстанда бүгүнкү күндө аталган министрлик тарабынан 14 долбоор ишке ашырылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG