Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Тоңдо Арсланбек Малиевдин жактоочулары үгүт иштерин улантышууда


КАРАКОЛ. Бул тууралуу маалымат №75 Тоң аймактык шайлоо комиссиясынан алынды. Алынган маалыматтарга караганда, Жогорку соттун чечимине ылайык талапкерлиги четтетилген Арсланбек Малиевдин жер-жерлердеги штабдары иштеп жатат. Малиевдин ишенимдүү адамдары 13-мартта белгиленген шайлоого шайлоочулардын активдүү катышуусун жана депутаттыкка талапкерлер Аскербек Алиев менен Бөкөн Кыдыкбаевге каршы добуш берүүгө чакырган үгүт иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу облустук шайлоо комиссиясына жана райондук прокуратурага акт жазылды. Малиевдин талапкерлик укугун жактоочулардын пикиринде шайлоого каршы добуш берип, бийлик, тартип коргоо жана сот органдары тарабынан көрсөтүлгөн кысымдардан Малиевди кайрадан куткарып алуу үчүн бардык аракеттерди көрүшөт.

XS
SM
MD
LG