Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Электр жарыгы кымбаттайт


БИШКЕК. Кыргызстанда 1-апрелден баштап электр кубаттуулугу 15% кымбаттайт. Бул тууралуу Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майкл Меред дүйшөмбү күнү Эл аралык ишкерлер кеңешинин отурумунда билдирген. Майкл Меред бул жыйында Кыргызстанда электр тармагы эки жыл аралыгында менчиктештирилип, электр кубаттуулугуна байланыштуу проблема чечилерин маалымдаган. Ал эми Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, электр кубаттуулугу кымбаттай тургандыгы жана энергетика тармагын менчиктештирүү тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок.

XS
SM
MD
LG