Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Араванда сот талапкердин арызын карай баштады


ОШ. Араван райондук сотунда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон талапкер Турсунбай Алимовдун арызы карала баштады. Эске сала кетүүчү жагдай, Турсунбай Алимов атаандашы Махамаджан Мамасаидовду шайлоодо Оштон студенттерди алып келип, жасалма документтердин негизинде добуш бердирткен деген айыптоонун негизинде сотко берген. Сот жараянынын жүрүшүндө эки тараптын тең күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү угулуп, шайлоо мыйзамы одоно түрдө бузулду деп толтурулган актылар менен сот залындагылар толук таанышып чыгышты. Төрагалык кылуучу судья залдагыларга иштин көлөмү көп болгондуктан сот жараяны 2-3 күнгө созулушу мүмкүн экендигин эскертти.

XS
SM
MD
LG