Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:26

АКШ сенатору Кыргызстандагы шайлоого нааразы


БИШКЕК. 27-февралда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо эл аралык стандарттарга жооп берген жок. Эл аралык байкоочулардын пикиринде, шайлоо учурунда добуштарды сатып алуу, талапкерлерди каттоодон алып салуу, жана маалымат каржаттарынын ишине кийлигишүү ыкмалары бийлик өкүлдөрүнүн өлкөдө атуулдук согуштун коркунучу бар деген билдирүүлөрү менен коштолду. Мындай билдирүүнү АКШ Конгрессинин сенатору Жон МакКейн жасады. Анда Кыргызстандагы көз карандысыз басылманын шайлоого төрт күн калганда жабылышы жөнүндө айтылып, мындай иш-чара маалымат каржаттарында өлкөдөгү коррупция жөнүндөгү материалдардын басылышына карата президент Аскар Акаевдин эл алдында чыгып сүйлөгөнүнөн кийин орун алды деп белгиленген. «Маалымат каражаттарына карата мындай ыкмадагы көзөмөлдүн жүргүзүлүшү совет доорун эске салат, эркин өнүгүп жаткан демократиянын шартында мындай көрүнүштөргө орун жок…» деп айтылган билдирүүдө. Бул жөнүндө «Ассошиэйтед пресс» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG