Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

К. Бакиев: “Кыргызстанда оппозиция күчөйт”


БИШКЕК. “27-февралдагы парламенттик шайлоо адилет өткөн жок. Шайлоо өнөктүгү одоно мыйзам бузуулар менен жүргузүлүп, административдик ресурстар пайдаланылды”. Мындай пикирин Кыргызстан Элдик кыймылынын төрагасы, №25 Караүңкүр шайлоо округунан депутаттыка талапкер Курманбек Бакиев 2-мартта маалымат жыйынында билдирди. Ал парламентке оппозициянын өкүлдөрү аз өтсө да, өлкөдө оппозициянын аракеттери күчөйт деген пикирин айтты. Курманбек Бакиев бийлик тарабынан аны парламентке өткөрбөш үчүн бардык административдик ыкмалар пайдалангандыгы жөнүндө да айтты:

- Алар административдик, каржылык ресурстарын пайдалынышты, жолдорду тосушту, дагы жакшы мен эч жерде башка чиновниктерге окшоп, мамлекеттик бюджетке кол салган эмесмин. Эгерде губернатор же премьер-министр болуп иштеп жургөн учурумда бюджетке кол салган болсом, шайлоочуларымдын бири айткандай, Бакиевге Феликс Куловдун жанынан орун табылбайт беле?.

Курманбек Бакиевдин пикиринде, ага карата бийлик тарабынан куугунтук президенттик шайлоого катышам деп буга чейин ачык билдиргенине байланыштуу болуп жатат. Кыргызстан Элдик кыймылынын төрагасы ошону менен бирге президент Аскар Акаев баштаган бийлик мамлекетти башкара албай калды деген көз карашын билдирди.

XS
SM
MD
LG