Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Украинада журналистти жок кылууга катыштыгы бар эки полковник камалды


Украинанын башкы прокурору журналист Гергий Гонгадзени өлтүрүүгө байланыштуу полициянын эки полковниги камакка алынганын билдирди.
Президент Виктор Юшенко кечээ күнү Гонгадзенин ишин тергөө бүткөнүн билдирип, мурдакы президент Кучманын өкмөтүн ишти жаап-жашырды деп күнөөлөгөн.
Өкмөттөгү коррупция тууралуу жазып жүргөн Гонгадзе 2000-жылы сентябрда Киевде жоголуп, журналисттин башы жок жасаты бир нече айдан кийин шаар сыртында табылган.
Журналисттин өлүмүнө байланыштуу Киевде бир нече ай нараазылык акциялары өтүп, президент Кучма өзү Гонгадзени тындым кылууну буйруду деген шектенүүлөр айтылган. Леонид Кучма өзүн акмын деп ырастап келет.

XS
SM
MD
LG