Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

ТАЖИКСТАНДАГЫ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ КҮТҮҮСҮЗ ЭМЕС


Тажикстанда жекшемби күнү болгон парламенттик шайлоонун кортундулоочу жыйынтыгы али чыга элек. Бирок, Борборшайлооком башкаруучу Элдик-демократиялык партия- ЭДП шайлоочулардын 80 процентинин алып, мөөрөйгө биринчи келгенин жарыя кылды. Партиянын төрагасы - президент Рахмонов шайлоо күнү саясый майдандан кетүү ниети жок экенин билдирген. Ошондуктан, Рахмонов башындагы ЭДПнын жеңиши өлкөгө кандай өзгөрүүлөрдү алып келиши мүмкүн деген суроону жаратат.

Тажикстанда жекшемби күнү болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы көпчүлүк байкоочулар үчүн күтүүсүз жаңылык эмес.

Партиялар үчүн бөлүнгөн 22 мандаттын 17си башкаруучу Элдик-демократиялык партия-ЭДПга, ал эми өкмөтчүл Комунисттик партия үч, оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясы эки мандатка эге болду.

Бир мандаттуу 41 округ боюнча республиканын тоолуу аймактарына калың түшкөн кардан улам санак протоколдору Дүйшөмбүгө али толук жетириле элек.

Жаңы эки палаталуу парламентте президент Рахмонов башындагы ЭДП үстөмдүк кылып калса, жакынкы жылдары Тажикстанда кандай өзгөрүүлөр күтөт? Бул, арийне, талдоочулар жана тажикстандык жарандар үчүн табигый суроо.

Швециялык эксперт Лена Жонсон айымдын пикиринде, ЭДПнын жеңиши өлкө ичиндеги саясатка эч таасир этпейт:

-Жок. Режим алмашпаса жана президент мурдакыдай эле ордунда калса, эч кандай өзгөрүү болбойт.

Лена Жонсон айым Стокольмдогу Эл аралык изилдөөлөр борборунун профессору.

Шайлоонун жыйынтыгына Тажикстандын оппозициячыл партиялары нааразы. Компартия жана Ислам кайра жаралуу партиясы башкалаа Дүйшөмбүдө жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышып, Жогорку Сотко арыз жолдоду. Талапты Социал-демократтык, Социалисттик жана Тажикстан демократтык партиялары да жакташты.

Жонсон айым Жогорку Соттун беш партиянын доо арызына болгон мамилесине карай өкмөттүн демократиялык реформага барууга канчалык даяр экенин айта болот дейт:

- Өтө кызыктуу жагдай өкмөттү бир же башка жолдуу тандоого мажбур кылат. Бийлик же арызды угуп, ал боюнча олуттуу бир чара көрүшү керек же кол шилтеп туруп, шайлоо адилет жана калыс өттү деп чыга берсе болот.

Оппозициялык партиялардын оболу БШКга кайрылбай туруп, түздөн-түз Жогорку Сотко арыз жолдогону алардын өкмөт менен көчөдө эмес, сот залында таймашууга чечкиндүү экенин күбөлөйт.

Оппозиция шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө да, 2000-жылкы саясый өнөктүк тушундагыга караганда,өз укуктарын тартынбай коргоого аракет кылганы байкалды. 2000-жылы жүрөгүндө жарандык согуштун калабасы терең отурган элди арыздашып-чырлашууга барып, абалды курчутууга шыктандырбай турган.

Профессор Жонсондун айтымында, 27-февралдагы шайлоо акыркы беш жылда Тажикстандагы жагдай бир кыйла өзгөрүп, демократиянын маданияты телчигип калганынан белги берет:

- Өлкөдө демократиялык маданият жана демократия багытындагы өзгөрүүлөр болду. Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердүүлүгү жана Социал-демократтык партиянын катталганын бул багыттагы маанилүү кадам деп айтаар элем. Оппозиция жана партиялардын жетекчилеринин саясый талкууга чыгуусу жана алардын талаптары, ошондой эле конструктивдүү оппозиция болуу аракети келечек үчүн өтө жакшы жышаан.

Ошол эле учурда көпчүлүк талдоочулар добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыгы президент Рахмонов 2006-жылы кайра шайланууну кааласа, жаңы эки палаталуу парламент кол куушуп, куп деп берээрин айтышууда.

XS
SM
MD
LG