Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

АНГЛОКАН ЧИРКӨӨСҮНДӨ КУМСАЛАРДАН УЛАМ ЖИКТЕШҮҮ ЧЫКТЫ


Англокан чиркөөсү бөлүнүү коркунучу алдында турат. 164 өлкөдөгү чиркөөлөрдүн башын кошкон Башкы Синоддун өткөн жумадагы жыйыныда жаңычыл либералдар менен салтчылдар бир пикирге келбей тарашты. “Кумса диниятчылар чиркөөдө калыш керекпи? Кумсаларга нике кыйса болобу?” Жаатташуунун башатында ушул эки суроо жатат.

Англокан чиркөөсүнүн Башсинотунун бир бүтүмгө келбей тарашы, көпчүлүк байкоочулардын айтымында, жарака бүтөлгүс экенин күбөлөйт. Башсинод чиркөөнүн дүйнөдөгү 38 башкармалыгын бириктирип, ал 77 миллион динзарды тейлейт.

Кумса диниятчылар чиркөөдө башчы боло алабы? Кумсалардын баш кошуусуна уруксат берсе болобу? Ушул эки суроо англоканчылардын жаңычыл либералдары менен салтчылдарын көптөн бери жиктештирип жүргөн.

Чыр кумсалыгы белгилүү Жин Робинсондун Америка епископтук чиркөөсүнүн епискобу болуп бекитилгенден кийин жана Канаданын Нью Вестминистер епархиясы кумсаларга нике кыйууга уруксат бергенден улам башталган.
Аялдарды епископ дайындоо боюнча былтыр июлда башталган талаш да араздашууну ого бетер ырбатты.

Жыйынында таасирлүү Кентербери чиркөөсүнүн башчысы, архиепископ Роэн Уильямс мартабалуу диниятчыларды “Чиркөөнүн коомдогу орду жөнүндө” былтыр күздө жарыяланган сунуштардарды карманууга үндөдү. Бирок, синод мүчөлөрү жаңычыл көз карашы менен белгилүү Уильямстын ынтымакка чакырыган сөзүнө кулак салбай койду.

Англокан чиркөөсүнүн элдешүүсү мүмкүнбү? “Таймс” журналынын мурдакы башредактору Уильям Рис- Моггдин пикиринче, ага ишенүү кыйын:

- Америкалыктар кумса архиепископторду дайындоону нукура жарандык эркиндиктин маселеси катары көрүшөт. Ал эми консервативдүү диниятчылар болсо христиан динине каршы келет деген пикирде. Ушунтип өз ишениминде бекем турган тараптарды элдештирүү мүмкүн эмес.

Рис-Могг азыр Британ парламентинин лорддор же жогорку палатасынын мүчөсү.

Башсинод жума күнү кабыл алган токтом 2008-жылга чейин Америка епископтук жана Канаданын англокан чиркөөлөрүн кумса мүчөлөрүн Англокан масилээт кеңешинен чакырып алууга чакырат. Эксперттердин айтымында, жаңычылдардын үндөөнү угаары күмөн. Дигби Андерсон боолгогонго караганда:

-Капылет окуя болуп кетпесе, либералдар өз багытынан жазбай жүрө беришет жана либерал эмес адамдар епископтордун башка дагы калпыс иштерин көргөнгө мажбур болушат. Алар, акыр аягында, Англокандардын өтө чакан чиркөөсүн таштап кетишет.

Дигби Андерсон -The Social Affairs Unit борборунун чиркөө иштери программасынын мурдакы мүдүрү. Анын оюнча, анлокан чиркөөсү “адеп-ахлакты жана “Инжилдин” негиздерин бузулууларга каршы чечкиндүү чара көрбөсө”, либералдар жамаатты биротоло бөлүп тынат:

- Либералдар акыркы 40 жылда Англокан чиркөөсүн “өтө ургаалдуу башкарышууда”. Алар бул аралыкта чиркөөнү кыйратты. Келерки 40 жылда либерлдар соңку 40 жылдагыдай Англияда жасаган иштерин уланта беришсе, Англокан чиркөөсүнөн эч нерсе калбайт. Алар евангелисттерге жана Анлокан чиркөөсүнүн салтты салыштырмалуу бекем туткан католик жамаатына ылайыктуу кыртыш түзөт.

Либералдардын жаңычылдыгы Англокан чиркөөсүндө чокунган динзарлардын санын азайтты. Анын кесепетинен чиркөөгө садага чапкан акча да кыскарды. Англокан чиркөөсү кадыр-баркын жоготуп жатканда, Жер шарынын түштүк алкагындагы өлкөлөрдө чиркөөнүн таасири өстү. Баса, Рим-католик чиркөөсүнүн Европа өлкөлөрүндөгү абалы Англокан чиркөөсүнөн көп айрымаланбайт.
Дигби Андерсон:

- Европадагы Рим-католик чиркөөсүнүн көз карашын байкай турган болсоңуз, алар англокандарга окшош өтө катаал жагдайда экенин көрөсүз. Англокан чиркөөсүнүн жана Рим-католик чиркөөсүнүн ийгиликтүү иш жүргүзгөн тайпалары Европада эмес, дүйнөнүн түштүк бөлүгүндө.

Ошентип, Англокан чиркөөсүнүн жаңычылдары менен эскичилдери ортосунда, Британ парламентинин мүчөсү Рис- Могг айткандай, жөнөкөй эмес, “өмүр үчүн” күрөш жүрүүдө:


- Бул принциптердин өмүр үчүн таймашы. Тарса доктринасы жылмалап билдиргиси келбеген бу көрүнүшкө Үчүнчү дүйнө өз мамилесин өтө катуу билдирүүдө.
XS
SM
MD
LG