Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Нарын шаардык соту талапкерлердин арызын карады


НАРЫН. 3-мартта Нарын шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Турсунбек Акун жана Ишенбай Кадырбековдун байкоочуларынын 27-февралда талапкер Карганбек Самаковдун жактоочулары шайлоо мыйзамдарын одоно бузгандыгы тууралуу арызы кайрадан каралды. Бирок арыз ээлеринин бири Перизат Базарбаева бул күнү журналситтерге арызды кайра кайтарып алууга мажбур болгондугун билдирди. Анын айтымында, кимдир- бирөөлөр аны коркутуп, ошол эле учурда сот арызын канааттандырбасына көзү жеткен. Бирок талапкер Карганбек Самаков жактоочулары тарабынан эч кандай кысым көрсөтүү жана коркутуу болбогондугун ырасмий жарыялады.

XS
SM
MD
LG