Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

Кыргыз бийлиги «Фридом хаузга» кат жолдоду


БИШКЕК. Президенттин администрация башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков менен Тышкы иштер министри Аскар Айтматов «Маалымат каражаттарын колдоо борбору» деп аталган фонддун байкоочулар кеңешинин чукул отурумун чакырууну сунуштады. Буга байланышкан катты 2-мартта тараптар «Фридом Хауз» уюмунун аткаруучу директору Женифер Виндзорго жолдоду. Бул катта алар көз карандысыз басма үйүнө байланыштуу бир тараптуу дооматтарды териштирип, маселени тактап алуу зарылдыгын белгилешкен.
Фонддун байкоочу кеңешинин мүчөлөрү болгон Жанузаков жана Айтматов катта “Фридом Хауздун” 23-февралда тараткан маалыматына кабатырлануусун билдиришкен. Аталган маалыматта эркин басма үйүнө электр кубатынын берилбей калышы ырасмий бийликтин басма сөз эркиндигине жана демократияга жасаган тоскоолдугу катары белгиленген. Кыргызстандын мамлекеттик жетекчилери эркин басмакана тараткан мындай маалыматты Кыргызстандын эл аралык аброюна доо кетире турган көрүнүш катары сыпатташкан. Ал эми басмаканага электр кубатынан туташпай калышын жетекчилер чакан электр станциясын ишке киргизүүгө зарыл документтердин толтурулбагандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG