Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Эркин маалымат каражаттарынын абалы боюнча форум өткөрүлдү


БИШКЕК. Аскар Акаев баштаган аткаруу бийлиги шайлоо өнөктүгү учурунда ар кандай мыйзам бузууларга барды жана өлкөдөгү экин маалымат каражаттарына ар тараптуу кысым көрсөттү. Мындай пикирди 4-мартта Бишкекте өткөн улуттук форумдун катышуучулары айтышты. Жыйындын катышуучулары ага мисал катары парламенттик шайлоо алдында «Азаттык» радиосунун жергиликтүү каналдардан уктурулбай калышын, бир нече эркин гезит басылган эл аралык басма үйүнө электр жарыгынын берилбешин президент Аскар Акаев баш болгон жогорку бийлик өкүлдөрүнүн «МСН» гезитин бир жактуу каралашын келтиришти. Ошондой эле жыйындын катышуучулары өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын абалы боюнча дүйнө коомчулугуна, эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдой тургандыгын маалымдашты. Ал эми форумга катышкан бийлик өкүлдөрү «Азаттык» радиосунун жергиликтүү каналдардан уктурулбай калышын техникалык себептер менен байланыштырып түшүндүрдү. Жыйынга саясатчылар, бейөкмөт уюмдар жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышышты.

XS
SM
MD
LG