Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Роза Отунбаева жашаган үйдө жардыруу болду


БИШКЕК. 3-мартта эртең мененки саат 5.00 чамалаш «Атажурт» саясий кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева жашаган көп кабаттуу үйдө жардыруу болду. Бул тууралуу саясатчы маалымат каражаттарынын маселелерин талкуулаган жарандык форумдун учурунда билдирди. Бул жардыруудан Отунбаева жашаган батирдин жана турак үйгө кире бериштин терезелери талкаланган. Эртең менен саат 9.00дан баштап ички иштер жана атайын кызматтардын өкүлдөрү ишти териштирүүгө киришти. Жардыруу үчүн кандай курал пайдаланылгандыгы тууралуу ырасмий билдирүү жасала элек. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы бул факт боюнча 1-май райондук милициясы кылмыш ишин козгогонун билдирди. Окуяны Роза Отунбаева ырасмий бийликтин оппозицияга чабуулу катары баалайт:

- Бул өлкөдө маалымат каражаттары эле эмес, демократия коркунучта. Бирок, биз ага жол бербейбиз,

Роза Отунбаеванын мындай пикирин президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев жокко чыгарып, бул окуяны оппозициянын чагымы катары баалады.

XS
SM
MD
LG