Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

АЗЕРБАЙЖАНДА ОППОЗИЦИЯЧЫЛ ЖУРНАЛИСТ КИШИ КОЛДУУ БОЛДУ


Азербайжанда оппозициячыл журналист, "Монитор" деп аталган журналдын редактору Элмар Гусеиновдун киши колдуу болушу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Укук коргоочулар бул окуяны журналисттин кесиптик ишмердиги менен байланыштырышып жатышат. Ал эми бийлик өкүлдөрү журналисттин өлтүрүлүшүн өлкөгө каршы чагым катары баалап, кылмыштын бетин ачыш үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн убада кылууда.

"Монитор" деп аталган журналдын негиздөөчүсү жана редактору Элмар Гусеиновду белгисиз адамдар кечээ кечинде Бакудагы батиринин алдынан атып кетишкен. Анын журналы президент Ильхам Алиев баш болгон азери бийликтерин кескин сынга алып жүргөнү менен белгилүү эле.

Өз журналында жарыялаган макалалар үчүн ал буга чейин бийлик өкүлдөрү тарабынан берилген доо арыздарынан улам бир сот жараяндарына кабылып, басылмага акчалай айып салынган учурлар болгон.

Былтыр декабрда ошондой окуялардын биринен кийин Элмар Гусеинов буларды айткан эле:

-Мен олуттуу каршылык билдирдим, себеби бул - мыйзамсыз. Бул саясий буйрук экени анык, эки күн мурда эле парламент спикери Муртуз Алескеров өз сөзүндө өкмөттөн "Монитор" журналына карата мамилесин билдирип, ага каршы олуттуу чара көрүүнү суранган. Эки күндөн кийин сот аткаруучулар биздин кандайдыр бир кирешебиз бар экенин төгүндөөнү көздөөдө. Бул – саясий аракет. Алар бизди банкрот кылгысы келет.

Айтор эми жогорудагы кептерди айткан Элмар Гусеиновдун киши колдуу болушу 2003-жылдын октябрында, бийлик атасынан баласына берилген президенттик шайлоодон соң өкмөт маалымат каражаттары менен оппозициячыл активисттерге кысым уланып жаткан учурга туш келип олтурат.

Буга мисал келтирсек маселен оппозициячыл "Мусават" партиясынын төрага орун басары "Йени Мусафат" гезитинин баш редактору Рауф Арифоглы шайлоодон соң камалып, өкмөткө каршы демонстрацияларды уюштурганы үчүн беш жылга түрмөгө кесилди.

Алекс Лупис - баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан, Журналисттерди коргоо комитети деген уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору. Анын ишениминде оппозициячыл журналисттин киши колдуу болушу көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы кампаниянын бир бөлүгү:

-Тилекке каршы биз акыркы жылдары өкмөт аларды сындаган көз карандысыз жана оппозициячыл журналисттерди жазалоону улантып жатканын ишара кылган окуяларга күбө болдук.

Алекс Лупис ошондой эле Журналисттерди коргоо комитети Батыш өкмөттөрүн жогорудагыдай куугунтуктоолорго каршы каталыраак чара көрүүгө чакырып жатканын кошумчалады.

Пресса боюнча Венадагы эл аралык институттун координатору Диана Орлованын айтымында, эркин маалымат каражаттарын куугунтуктоо Батыш Азербайжандын саясий лидерлерине кысым көргөзүүнү каалабаганынан улам уланууда. Ал белгилегендей, "Монитор" журналы Азербайжандын башкаруучу элитасынын кыжырына көптөн бери тийип келген эле.

Ал эми Азербайжандын оппозициядагы Элдик фронтунун төрагасы Али Керимли бийлик журналистти өлтүргөндөрдү табышы же отставкага кетиши керек:

-Элмар Гусеинов мамлекеттик террордун курмандыгы болду. Бул баары үчүн белгилүү жана муну ачык айткандан эч ким коркпошу керек. Биз бийликти кылмышкерлерди жазалоого же кызматтан чегинүүгө мажбурлайбыз.

Али Керимли Азербайжандын саясий партияларын, укук коргоочуларын Гусеиновду акыркы сапарга узатууда массалык демонстрация уюштурууга чакырды.

Мунун аралыгында бийлик өкүлдөрү коомчулукту кылмыштын бети ачыларына ишендирүүгө аракеттенип жаткандай. Президент Ильхам Алиев бейшембидеги пресс-конференцияда журналисттин киши колдуу болушу Азербайжандын азыркы тарыхындагы алгачкы окуя экенин белгилеп, муну демократияга каршы чоң сокку деп баалады. Ошондой эле укук коргоо органдарына ишти тергөөнү тездетүүнү тапшырганын маалымдады.

Президент администрациясындагы социалдык- саясий бөлүмдүн башчысы Али Хассанов мындай дейт:

-Биз бул Азербайжанга каршы, өлкөнүн беделине каршы сокку деп эсептейбиз. Ал быйылкы парламенттик шайлоо жылында өлкөнүн эл аралык беделине доо кетирүүдө. Бул өлтүрүүгө кызыкдар кээ бир күчтөр аны Азербайжанга каршы пландашкан. Азербайжандын өкмөтү буга эч кызыкдар эместердин катарында жана кылмыштын бетин ачуу үчүн бардык чараларды көрөт.

Азербайжандын коопсуздук жана ички иштер министрликтери, Башкы прокуратурасы бейшембидеги биргелешкен билдирүүсүндө оппозицияга Элмар Гусеиновдун өлүмүн өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуп, тирешүүнү жаратуу максатында пайдаланбоону эскертти жана кылмыштын бетин ачууну убада кылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG