Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Багдатта эки машине жарылды


Бүгүн Багдатта өлкөнүн Ички иштер министрлигинин имаратынын тушунда жардыргыч затка жык толгон эки машине атылып кетти. Анын айынан кеминде 5 полиция кызматкери өлдү.
Полициянын өкүлү Мухаммад Жаафар эки машине Ички иштер министрлигинин текшерүү пунктунун жанында жарылып кеткенин айтып, андан набыт болгондордун саны бир топ эле көп болушу мүмкүн экендигин айтты.
Ал эми кечээ Багдаттан түштүккө карай жол алганда жайгашкан Бабил вилоятында бир америкалык деңиз аскерин өлтүрүп кетишкени кабарланды. Ирактагы согуш башталгандан бери америкалык аскер күчтөрүнүн жоготуулары 1 миң 140 адамды түздү.

XS
SM
MD
LG