Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:58

Тажикстандагы шайлоо тынчсызданууну жаратты


Бириккен улуттар уюмунун Тажикстандагы өкүлү “өткөн жекшембиде болгон парламенттик шайлоолордун жыйынтыгы мамлекет демократиялык өнүгүүнүн эң баштапкы тепкичинде экендигин көрсөттү” деди.
Владимир Сотиров, ошондой эле, добуш берүү жараянында кетирилген орой катарларга тынчсызданып жатканын да айтты.

- Биз добуш берүү учурунда мыйзам бузуу фактылары көп болгондугуна тынчсызданып жатабыз. Ошол эле учурда, бул жолку шайлоо - өлкө атуулдук согушту баштан кечиргенден берки экинчи эле добуш берүү жараяны экендигин да түшүнөбүз, - деди Улуттар уюмунун тажик жериндеги өкүлү Владимир Сотиров.

Кечээ эки оппозициялык партия, Ислам кайра жаралуу жана Тажикстандын коммунисттик партиялары, эгерде шайлоо учурунда кетирилген каталар терең иликтенбесе, алар парламенттен кетишээрин билдиришкен. Сотировдун айтымында, бул маселе да Улуттар уюмун кабатырга салып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG