Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

Азербайжанда журналистти өлтүрүп кетишти


Ушул тапта эксперттер анын денесин текшерип жатышат, ал эми укук коргоо органдары иликтөө иштерин улантышууда. Журналист Элмар Хуссейнов Азери өкмөтүн кескин сындаган “Монитор” деген аталыштагы журналдын башкы редактору болчу. Буга чейин бир канча жолу ага каршы кылмыш иштери козголгон, ал эми журнал айыптарды төлөп келген.

Кечээ кечинде Хуссейновдун Бакудагы квартирасында аны жүрөгүнө эки жолу атып кетишкен. Полиция квартирадан тапанчаны тапты.
Бакунун башкы полиция департаментинин жетекчиси Махаррам Алиев ушул тапта кылмыш иштин баардык жоромолдору такталып, изилденип жатканын айтты.
Азербайжандагы Элдик фронт деп аталган оппозициялык партиянын лидери Али Керимли журналистти өлтүрүү “ырасмий бийликтин” буйругу менен болду деди.

- Элдар Хусейнов мамлекеттик террордун курмандыгы болду. Муну ачык айтуудан эч ким жатыркабашы керек. Биз ырасмий бийликти журналистти өлтүргөндөндү табууга, же, ал колунан келбесе, кызматтан кетүүгө мажбур кылабыз, - деди Азербайжандагы Элдик Фронт оппозициялык партиясынын лидери Али Керимли.

Адам укуктары боюнча Хелсински эларалык уюмунун Азербайжандагы өкүлү Арзул Абдуллаева журналисттин өлүмүн “басма сөзгө каршы багытталган террордук аракет” деп баалады.
Ал эми Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Миклос Харасти бүгүн “Азаттыкка” берген маегинде иликтөө иштери “Хуссейндин өлүмү анын ишмердүүлүгү менен байланыштуубу?” деген суроого жооп бериши керек деди.

- Иликтөө иштери журналисттин өлүмү анын ишине тикеден-тике тиешелүүбү, же жалпы эле өлкөдө журналисттерге каршы жүргүзүлүп келаткан аракеттер менен байланыштуубу деген суроого жооп берет, - деди ЕККУнуну өкүлү Миклос Харасти

Ал эми жумурияттын Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук министрлиги жана Башкы прокуроратурасы буга карата билдирүү жасап, журналисттин өлүмүн саясий максатта колдонуу туура эмес экендигин билдиришти.
Өлкөнүн президенти Илхам Алиев бүгүн кылмыш ишти иликтөөнү тездетүүгө буйрук берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG