Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Жөөт айылдарын араб жерлеринен көчүрүү боюнча референдум болушу мүмкүн


Израил премьер-министри Ариел Шарондун "Ликуд" партиясы кечээ күнү партиянын парламенттеги өкүлдөрүнө кайрылып, басылып алынган араб жерлеринде жашаган жөөттөрдү көчүрүү маселеси боюнча референдум өткөрүү демилгесин көтөрүш керек деп чыкты. Премьер Шарондун айтымында, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Газа тилкесинде жашаган сегиз жарым миң жөөттүн баары жана Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги 230 миң жөөттүн бир нече миңи үйлөрүн таштап Израилге кайтууга тийиш. Жөөт улутчулдары жана көчүрүлө тургандар ага каршы, арабдар болсо - басылып алынган жерлердеги жөөт айылдарынын баарынын көчүрүлүшүн талап кылууда.

XS
SM
MD
LG