Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Индонезиялык динаятчыяга чыгарылган өкүм


Индонезиялык белгилүү динаятчы Абу Бакар Баширга каршы өтө эле жумшак өкүм чыгарылды деп кечээ күнү АКШ, Австралия жана Жаңы Зеландиянын жетекчилери өз тынчсыздануусун билдирди. Жакарта шаарынын соту кечээ күнү Баширди Бали аралында 2002-жылы ишке ашырылган террор аракетине тийешеси бар деп тапты, бирок коюлган башка күнөөлөр боюнча актады. Австралиянын тышкы миштер министри Александр Даунердин айтымында, Башир ылдам эле боштондукка чыгат:

- Ал эки жарым жылга кесилди жана Башир буга чейин он ай абакта өткөргөнүн эске алсак, ал өтө деле көпкө кесилген жок, - деди австралиялык министр. АКШнын Жакартадагы элчилигинин өкүлү Марк Квактын айтымында, өкүм өтө эле жумшак, бирок белгилүү террорчу күнөөлү деп табылганы өзү оң жылыш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG