Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

5-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча, 5-мартта Кыргызстанда күн ачык болуп, түштүк-чыгыш тараптан сыдырым жел жүрүп турат.

Республика боюнча абанын температурасы:
ТАЛАС облусунда түнкүсүн –3 градус сууктан +2 градуска жылуу, күндүз +12...+17 градус.
ЧҮЙдө түнкүсүн –1 градустун айланасында суук болот. Күндүз +14...+19 градус жылуу.
ЖАЛАЛАБАТ, ОШ, БАТКЕН чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +1...+6, ал эми күндүз абанын жылуулугу +14...+19 градуска жетет.
КӨЛ кылаасында түнкүсүн –2...-7 градус суук, күндүз +3...+8 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫН аймагында түнкүсүн –9...-14 градуска суук болот. Күндүз –1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу.
БИШКЕКТЕ түнкүсүн 0...+2 градуска ал эми күндүз +16...+18 градуска жылуу болушу күтүлөт.

Кабарларды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана дубандардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG