Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Накен Касиев сотко кайрылат


БИШКЕК. №32 Атбашы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Накен Касиевдин 4-марттагы кабарлоосуна караганда, ал жакын арада Атбашы райондук сотуна кайрылып, 27-февралдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылат. Арызда үгүт иштери учурунда орун алган добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту пайдалануу фактылары келтирилмекчи. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Туйгуналы Абдраимовдун билдирүүсүнө караганда, Атбашы шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы таанылды. Округдук шайлоо комиссиясынын 15 мүчөсүнүн тогузу тийиштүү протоколго өзгөчө пикирин жазышкан.Туйгуналы Абдраимовдун айтымында, ал пикирлер Касиевдин арызы менен кошо каралышы ыктымал.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG