Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Пикетчилер Ош-Бишкек жолун алты саат бууп турушту


ЖАЛАЛАБАТ. Жогорку Кеңештин депутаттыгына №24 Ноокен шайлоо округу боюнча ат салышкан беш талапкердин үч миңдей тарапкери добуш берүүнүн жыйынтыгына наарызылык билдирип, 28-февралда коюлган талаптары аткарылбаган үчүн Ош-Бишкек жолунун Ноокен аймагындагы бөлүгүн алты саат бою бууп турушту. Кечки саат алтыда депутат Өмүрбек Текебаев жана Кыргызстан элдик кыймылынын штаб башчысы Үсөн Сыдыковдун сүйлөшүүлөрүнөн кийин жолду ачышты. Эгерде беш талапкердин арызы боюнча сот туура чечим чыгарбаса, алар 5-мартта Ош-Бишкек жолун биротоло жабуу чечими менен тарашты. Алар район акимин, облустук, райондук салык инспекцияларынын жетекчилерин, округдук шайлоо комиссиясынын башчысын кызматтан кетирип, Жеңишбек Эшенкуловдун шайлоодон четтетилишин жана 27-февралдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талаптарын коюп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG