Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:39

Бишкекте миңдей адам пикетке чыкты


БИШКЕК. 4-мартта Жогорку Соттун имаратынын алдына №3 Гагарин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдирейим Кулбаевдин миңдей тарапкери пикетке чыгышты. Алар таза жана акыйкат шайлоону, Кулбаевдин талапкерлигин калыбына келтирүүнү талап кылган плакаттарды көтөрүп турушту. Пикетчилер менен жолугушууга чыккан Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов сот 25-февралда кабыл алган чечимин өзгөртө албасын билдирди. Жогорку сот Кулбаевдин катталуусун шайлоочуларды сатып алуу фактысына байланыштуу жокко чыгарган. Кулбаевдин тарапкерлери Гагарин шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылмайынча нааразылык чарасын токтотпоорун билдиришүүдө. 4-мартта Каракулжа шайлоо округунда талапкер Дүйшөн Чотоновдун тарапкерлери да пикетке чыгышып, бир катар шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG